Эксперт Абдыкожоев: Масалиевдин Орусияга колдоо көрсөтүү керек дегенинде массалык башаламандыкка чакырык бар
- 2 недели мурун
11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда айыпталып жаткан журналист Махабат Тажибек кызы лингвист-эксперт Таалайбек Абдыкожоевден: «Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Украина менен болгон согушта Орусияга колдоо көрсөтүү керек деп айтканы массалык башаламандыкка чакырык болуп эсептелинеби?»,-деп сураган. Суроого Абдыкожоев: «Ооба»,-деп жооп берген.
Бүгүн, 5-сентябрда Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Анда Юстиция министрлигине тиешелүү лингвист-эксперт Таалайбек Абдыкожоевди суроо улантылууда.
Муну бөлүшүү