Экс-вице-премьер Азамат Дыйканбаев тилкат менен бошотулду

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май  райондук сотунун 7-августтагы чечими менен мурдагы ице-премьер Азамат Дыйканбаев эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулду.

Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасына жазды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү экс-министри Азамат Дыйканбаев 2021-жылы акча талап кылууга айыпталып, камакка алынган. УКМК тараткан маалыматка караганда, Азамат Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүүдө маселени оң жагына чечүү үчүн чет элдик компаниядан ири суммадагы пара талап кылган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мурдагы башчысы, ири өлчөмдөгү пара талап кылган деген шек менен камакка алынган Азамат Дыйканбаев Президент Садыр Жапаровго кат жазган.

Катында Азамат Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра турган кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы менен келишимди кепилдик акчаны төкпөгөндүктөн, узартпай койгонун жазып, ошол кадамы үчүн камакка алынганын айткан.

Азамат Дыйканбаевден кытайлык компания менен келишимди узартууну Министрлер кабинетинин ал кездеги төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Эрнис аттуу жардамчысы суранганын, баш тартып койгону эн чоң катасы болгонун жазган.

2021-жылы 20-май күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырмакчы болгон кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясынын өкүлдөрүнөн 2 миллион 600 миң сом пара талап кылды деген кине менен камакка алынган.

Сүрөттө: Азамат Дыйканбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты