Экс-министр Динара Кутманова менен анын баласы октябрга чейин камакта калтырылды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова менен анын уулу Кемелбек Кутмановдун баш коргоо чарасын 5-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу «24.kg» маалыматтык агенттиги Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, экс-министр Динара Кутманованын соту башталды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 25-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экс-министри Динара Кутманова кармалганын билдирген.

Анда Кутманова Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурганы айтылган.

Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана карындашы), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурганы белгилүү болгон.

УКМК кийин Кутманованын уулу да кармалганын билдирген эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты