Экс-депутат Шаирбек Ташиев үй камагына чыгарылды 

Мунай тармагындагы коррупциялык схемага байланыштуу айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. 

Буга байланыштуу сот анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрттү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 27-июлда кабарлады.

Кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери уланууда. 

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлөт. 

Шаирбек Ташиев 1-апрелде  кармалган.

Биринчи май райондук соту аны тергөө абагына камоого чечим чыгарганы менен ал үч айдан бери милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган.

Экс-депутатка «Кыргызнефтегаз” ишканасынын айланасындагы иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. 

Бул иш боюнча мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтирилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты