Экс-депутат, ишкер Роман Шин дүйнөдөн өттү

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Роман Шин 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу анын уулу Сергей Шин Фейсбук баракчасында билдирди.

Роман Шин Москванын ооруканаларынын биринде көз жумган.  

Роман Шин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон, 2020-жылы “Ата-журт” партиясынын тизмеси менен шайланган.

«Даңк» медалы менен сыйланган, Кыргызстан менен Корея кызматташтыгын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн алтын медалга татыктуу болгон, Түгөлбай ата, Руханият коомдук фонддорунун сыйлыктарын алган.    

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты