Экономикага салым кошкон ишкерлерге кызматтык паспорт берилет

  • 2 года мурун

Экономикага салым кошкон ишкерлерге кызматтык паспорт берилет. Бул тууралуу Салык кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди

«Силердин ак ниет ишмердүүлүгүңүздөр мамлекеттин экономикасына чоң жардамын тийгизип  жатканын баса белгилей кетейин. Миңдеген жумуш орундары силердин мээнетиңер менен түзүлүүдө. Өз маалында мамлекет дагы силерге көңүл буруп, колдоп-коштоп, тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатат. Мындай аракеттерибиз менен бирге дагы бир жакшы саамалыкты жарыялап коеюн. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол койдум.

Жарлыктын негизинде «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилип жатат. Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет» — деди президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты