Экономика министрлиги чек арадагы абал үчүн казак тарапты айыптады
- 1 год мурун
24-августта Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө жайындагы абал менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев маалымат берип жатып, чек арадагы «Ак-Тилек», «Кең-Булуң» жана «Чалдыбар» өткөрмө бекеттериндеги кезек 20-августтан тарта байкала баштаганын билдирди.
Министрлик кабарлагандай, казак тарап өткөрмө бекеттеринде текшерүүлөрүн күчөткөндөн кийин чек арадан автоунаалардын өтүшү жайлап, кезек күткөндөр көбөйгөн.
«Муну менен казак тарап Евразия экономикалык биримдигинин негизги принциптеринин бирин бузуп, эркин товар жүгүртүүнү чектеп жатат. Бул кырдаал көнүмүш мүнөзгө айланып, казак тарап Кыргызстандан бараткан автоунааларды өткөрүүнү жайлатуу үчүн ар дайым түрдүү себептерди табат», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик мындай абал кыргызстандык ишкерлерди чоң чыгымга учуратып, өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин аткарууга тоскоол болуп жатканын билдирди. Жүктөрдүн арасында тез бузула турган азык-түлүктөр жана чоң чыгымга учурата турган товарлар бар экенин белгиледи.
Мекеме казак тарап өткөрмө бекеттеги текшерүүнү күчөткөнү боюнча кабар бербегенин да кошумчалады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын өтүнүчү менен ЕЭКтин алкагында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектей турган болгон.
24-августта Кыргызстандын чек ара кызматы саат 12:00гө карата маалымат бергендей, «Ак-Тилек» бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны — 379, мунун ичинен «Чалдыбарда» — 73, «Кең-Булуңда» — 89, «Чоң-Капкада» — 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилеген.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдаган.
Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.