Экономика министрлиги автоунаага милдеттүү техникалык кароо киргизүүнү сунуштоодо

  • 2 месяца мурун

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүүнү сунуштап, бул тууралуу токтом долбоору 1-августта коомдук талкууга коюлду.

Документте бул чара өлкөдөгү экологияны жакшыртуу жана автоунаалардын абалын көзөмөлдөө максатында жасалып жатканы белгиленген.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, жакынкы үч жыл ичинде техникалык көзөмөл ишке ашырылуусу керек.

Кыргызстанда азыркы учурда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кооптуу жүктөрдү жана атайын, адистештирилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү керек.

Мекеме буга чейин тараткан маалыматта, өлкөнүн негизги авторпаркын 15 жылдай же андан да мурда өндүрүштөн чыгарылган транспорттор түзөрү, алардан абага зыяндуу заттардын 90% чыгары айтылган.

Андыктан министрлик техникалык кароону киргизүү менен ири шаарлардагы экология маселесин жакшыртууга да, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга да шарт түзүлөт дейт.

Министрликтин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүдө коррупциялык схемалардын алдын алуу үчүн бардык процесстер автоматташтырылганын, бирдиктүү маалымат системасы түзүлгөнүн кошумчалады.

Бирок автожолдордогу мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелеп келген активист Эртай Искаков бул сунуштун толук ишке ашуусунан күмөн санап турганын билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Элдар Абакиров техникалык көзөмөлдү киргизүүнү ашыкча экономикалык убарагерчилик катары баалады.

Ички иштер министрлигинин быйыл жыл башындагы эсеби боюнча 1 млн 600 миң 691 унаа каттоодон өтсө, анын ичинен 1 млн 387 миң 679унун же жалпы автоунаалардын 86,6% заводдон чыкканына 15 жылдан ашкан.

Ал эми заводдон чыкканына беш жылдан ашкан автоунаалар милдеттүү техникалык кароодон өтүүгө милдеттендирилет.

Болжол менен каттоодон өткөн техниканын 20% маалымат базасында катталган. Бирок ар кандай техникалык себептен улам пайдаланылбайт. Аларды алып салганда, техникалык кароодон өтүшү керек болгон автоунаалардын жалпы саны 1 млн 259 миң 849га жетет.

Өлкөдө 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты