Экономика министри: «Туристтерге сый-урмат менен мамиле жасашыбыз керек»
- 9 месяцев мурун
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жарандарды Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
«Өлкөбүздүн туризм тармагы боюнча маанилүү бир кайрылуу жасайын деп чечтим. Өнүккөн өлкөлөрдө туризм тармагы абдан жакшы жолго коюлгандыгын баарыбыз эле жакшы билебиз. Алыс барбай боордош Түркияны же Дубайды эле алалычы. Турцияга жылына 40 миллиондон ушуун турист келет экен. Бир эле туризм тармагынан өлкө казынасына канча каражат түшөт, өзүңүздөр эсептей бериңиздер.
Ал эми Дубайды ала турган болсок жергиликтүү элдин саны үч миллиондун тегерегинде. Ал эми туристтердин саны 15 миллиондон ашат. Индиялыктар, пакистандыктар, бангладеш, филлипин, деги койчу кимдер гана жок. Жергиликтүү элдин мамилеси абдан жакшы болгондуктан, ошончо турист Дубайга агылып барууда. Ошол үчүн туризм тармагы дуркүрөп өнүгүп жатат.
Бизде болсо топ-топ болуп жүргөн индиялык же пакистандык студенттерди же башка туристтерди көрсөк эле сындай баштайбыз. “Каптап кетти, басып кетти, антти-минтти” деп эле интернетке ар кандай сөздөрдү ылгабай жаза баштайбыз. Анан эле андай сөздөрдү коштоп киребиз. Ушинтип жерип турсак, анан биздин туризм тармагы кантип өнүксүн, андай нааразы кептерди түшүнгөн чет элдиктер кантип бизге келсин? Тилекке каршы, бул өтө кейиштүү көрүнүш болуп турат.
Түшүнгөн адамга, керек болсо, ар бир студент же ар бир турист — түздөн-түз инвестор. Алардын баскан-турганынан, жеген тамак-ашынан, кооз-кооз жерлерибизге барганына чейин бизге каражат калып жатканын билишибиз керек. Туристтерди көргөндө, тескерисинче кубануу менен, сый-урмат менен мамиле жасашыбыз керек.
Алар биздин жерибизге түбөлүк калып калбастыгын аңдап-түшүнүүбүз кажет. Ар бир туристтен калган акча өлкөбүздүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жумшаларын билишибиз зарыл.
Биз туристтерге болгон мамилебизди өзгөрткөн сайын, туризм тармагы алдыга жыла баштайт.
Урматтуу мекендештер!
Өнүгүүгө бет алган өлкөлөрдүн баары туристтер жайнап келсе экен деп кыялданышат, тиленишет. Ал үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылышат. Анткени алар туризмден өзүлөрүнө да, мамлекетине да кандай пайда түшөөрүн жакшы билишет.
Келиңиздер, биз дагы чет өлкөдөн келип окуп жаткан студенттерге жана башка мамлекеттерден келген туристтерге сый-урмат менен мамиле жасоого өтөлү. Мына ошондо Кыргызстандын туризми дүйнөнүн чар тарабына тарай баштайт. Биз сыймыктанган керемет жерлерибизге туристтер тартыла баштайт. Кыргызстандын туризми ошондо өнүгүүгө кадам таштаган болот», — деп жазылат кайрылууда.