Экономика министри француз ишкерлер делегациясы менен жолукту

  • 1 год мурун

Инвестициялар министри Бакыт Сыдыков Франциянын MEDEF Ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Делегация курамында курулуш, темир жол инфраструктурасы, энергетика жана консалтинг тармагында иш алып барган алдыңкы француз компанияларынын өкүлдөрү болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана туруктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кыргыз тарап өз кезегинде экономиканын артыкчылыктуу багыттары катары тоо-кен өнөр жайын, ири инфраструктуралык долбоорлорду жана башка инвестицияга ачык тармактарды сунуштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты