Экологиялык көйгөйлөр тууралуу балдар чыгармасы кыргызчаланды

  • 2 месяца мурун

Британиялык жазуучу Ханна Голддун балдарга арналган “Акыркы аюу” китеби кыргызчага которулду. Бул тууралуу аталган китепти кыргызча басып чыгарган «Китепстан» басма үйүнөн билдиришти.

Китепте экология көйгөйлөрү — таштанды, глобалдык жылуулануу, жаныбарлардын жок болуу коркунучу тууралуу жазылган. Чыгарманын баш каарманы кичинекей кыз Эйприл менен жапайы жаныбар аюунун кыйышпас ынак достугу сүрөттөлгөн.

“Акыркы аюу” — Ханна Голддун Түндүк уюл алкагынын катаал чөйрөсү тууралуу жазган укмуштуудай дебюту. Китеп сүрөттөр менен коштолуп, 11 жаштан жогору балдарга сунушталат. Чоңдор үчүн да кызыктуу чыгарма.

“Акыркы аюу” чыгармасын “Китепстан” басма үйү кыргызчалады. Долбоордун жетекчиси — Бакытбек Абдуллаев, Насыпбек Асанбаев которгон жана Жетиген Асанбек редакциялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты