Экология министрлиги: Абаны булгаганы үчүн ишканаларга 607 миң сом айып пул салынды

  • 2 недели мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул жылдын январь-март айларында бир катар ишканаларда абанын булганышы боюнча текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, ишканаларга жалпы 607 миң сом айып салынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Министрлик атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышын чектөө, суунун жана таштандылардын чыгарылышын контролдоо, ошондой эле коркунучтуу заттардын коопсуз сакталышын жана утилдештирилишин камсыздоо боюнча талаптарды сактоо зарыл экенин эскертти.

Бул эрежелерди бузуу экологиялык терс кесепеттерге гана алып келбестен, юридикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн, анын ичинде айып пул салууга, жоопкерчиликке тартуу жана компаниянын аброюна шек келтириши мүмкүн”, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө. 

11-апрелде Жогорку Кеңеште “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган демилге 2-окууда каралып, колдоо тапкан. 

Аталган мыйзам долбоору  атмосфераны булгап жаткан зыяндуу заттардын тарашын жөнгө салуу, эскирген технологияларды жана жабдууларды колдонууга тыюу салуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ишканалар менен уюмдарга катуу талаптарды  коюу максатында  иштелип чыккан.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты