ЕККУнун өкүлү Борбор Азия өлкөлөрүндө сөз эркиндигинин абалы начарлаганын билдирди

  • 10 месяцев мурун

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро Бишкектеги эл аралык жыйында Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндө айтып, аймакта медиага кысым болуп жатканын билдирди.

Өз сөзүндө ал эркин медиалардын сайттары бөгөттөлүп, ар кандай чектөөлөр камтылган мыйзамдар сунушталып жатканын белгиледи.

ЕККУнун өкүлү ошондой эле эркин медиаларга онлайн каралоо күчөп, иликтөөчү журналисттер коркутууларга кабылган учурлар бар экенин айтты. Ал сөз эркиндиги жана журналисттер демократиянын негизги көрсөткүчү экенин белгиледи.

Бишкекте 6-июлда ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча 24- борборазиялык конференциясы башталды. Анда ЖМКлардын бардык багытына байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланып жатат. Иш-чарага аймактагы медиа өкүлдөр, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат

Жыйындын алдында Рибейро президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков менен жолуккан. Анда Кыргызстандын медиа тармагындагы соңку кырдаал, мыйзам долбоору тууралуу пикир алышкан.

«ЕККУнун өкүлү «Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жөнүндө» мыйзам долбоору менен таанышып жатканын, соңунда өздөрүнүн сунуштарын беришерин билдирди. Орунбеков «ЖМК жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин, маалымат таркатуунун принциптери жана ресурстары өзгөргөнүн, мыйзамдагы өзгөрүүлөр улуттук кызыкчылыктарды эске аларын белгиледи. Мыйзам долбоорунда мамлекеттин маалымат коопсуздугуна, улуттун моралдык принциптерине коркунуч жараткан жагдайларга жол берилбеши керектиги эске алынганын кошумчалады»,- деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

«Мыйзам долбоору беш жолу толукталды, жумушчу топ түзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн медиа өкүлдөрү түздү. Алардын сунуштары дагы эске алынды. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги, медиа өкүлдөрүнүн орду жогору экенинен кабар берет», — деген Орунбеков.

Буга чейин медиа коомчулуктун өкүлдөрү мыйзам долбоорго байланыштуу берилген сунуштары эске алынбай калганын айтып чыгышкан. Ошондой эле документ эркин медиага каршы куралга айланышы ыктымалдыгын эскертишкен.

«Медиа Полиси Институту» уюму президенттик администрация даярдаган бул мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, ал Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирген.

Тереза Рибейро менен 4-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да жолуккан.

ЕККУ бул жолугушуулар тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму «Дүйнөдөгү эркиндик — 2023» аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты