“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

“Экинчи аял болууга даярмын”, “жашыруун нике үчүн” — “Инстаграмда” дал ушундай анкеталар менен кыздардын сүрөтүн жүктөп, тааныштырабыз деп убада берген nikah_brak_semya деп аталган баракча иштейт. Көбүнчө Орто-Азия, анын ичинде кыргызстандык кыздардын анкетасы жүктөлүп, кызыккандар толук анкетасын жана номерин алуу үчүн жеке кат аркылуу кайрылуу керектигин жазышат. 

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

“ПолитКлиника” медиасы бул баракчаны текшерип көрүп, шылуундуктун жаңы бир түрү экендигин аныктады. Булар кандай жол менен жарандарды алдап келишет?  Алдыда түшүндүрөбүз. 

Комментарийлерди жаап коюшкан

Баракча 2019-жылы ачылган. Башында дин темасына байланыштуу, андан соң Палестина, Газага байланыштуу видеолорду бөлүшүп турган. Аты эки жолу өзгөртүлгөн, бирок баштапкы аталышын аныктоо мүмкүн болгон жок. Таанышуу багытында кыздардын сүрөтүн 2024-жылдын апрель айынан баштап киргизе баштаган. Учурда комментарийлер бөлүгү жабык.

Бирок баракча жарыялаган посттор социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан талкуу жаратып, айрымдар муну “халал түрдөгү ойноштук” деп атаса, айрымдары бул кадимки шылуундук менен алектенген баракча экенин жазышкан.

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Анкета алуу үчүн акча которосуз

Текшерүү үчүн бети көрсөтүлгөн кыздардын бири менен байланышуу ниетибизди билдирип, аларга кайрылып көрдүк. Баракчанын ээси учурда бул анкета бош экенин, ал чын эле ушул кызга таандыктыгын жана толук анкетаны алуу үчүн Сбербанк счетуна 1000 рубль которушубуз керектигин айтты. “Эгер бири-бириңерге туура келбей калсаңар, кийинки анкетаны акысыз бөлүшөбүз”?- деп кошумчалады баракчанын администратору.

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Бул биз сураган кыздын сүрөтү. Баракчада ал тууралуу “Атым Лейла, 24 жаштамын. Улутум кыргыз, Кыргызстандан болом. Нике куруу максатында олуттуу жигитти жолуктургум келет” деген маалымат берилген. Бул пост 2024-жылы 21-августта жүктөлгөн. Биз кайтарым издөө аркылуу сүрөттөгү кыздын чыныгы баракчасын таап, көрсөтүлгөн анкета ага таандык эмес экенин аныктадык. 

Анын чыныгы аты-жөнү Нусайба Тамими. Ал Иорданиянын Ирбид шаарында жашайт. Таанышуу баракчасына анын сүрөтү уруксатсыз алынган десек болот. Анткени “Инстаграмындагы” маалыматка ылайык, ал июнь айынын аягында турмушка чыккан. Баракчасын араб тилинде алып барат.  nikah_brak_semya 21-августта бөлүшкөн сүрөтүн Нусайба 16-апрелде  киргизген. 

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Акчасын төлөгөндөн кийин анкетасын беришпейт 

Баракча шылуундук менен алектенеби жокпу текшерүү үчүн бети көрсөтүлгөн, “Сүрөттөгү мен” жазуусу бар башка  кыздын анкетасын сурап жаздык. 

“Анкета чын эле ушул кызга таандыкпы?” деген суроого админ түз жооп берүүдөн качып, төлөм жүргүзгөн соң гана @ernisovnaa_01 аттуу инстаграмдагы баракчага шилтеме жөнөттү.

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Алган баракчада бир да сүрөт жок, катталуучулары аз, СМС билдирүү жиберүүгө бөгөт коюлган. Толук анкета тууралуу суроолорубузду болсо админ жоопсуз калтырды. Бир топтон кийин башка кыздын анкетасын сураганыбызда тактап көрөрүн айтып башка байланышка чыккан жок.

Жыйынтыктап келсек, баракча көрсөткөн кызматы үчүн 1000 рубль алат. Бирок натыйжада бул сумма үчүн убадаланган толук анкетаны же байланышуу кепилдигин бербейт. Ал эми башка бирөөнүн аккаунтуна шилтеме бөлүшүү функциясы ар бир колдонуучуга жеткиликтүү. 

Уурдалган сүрөтү кыздарга зыянын тийгизген 

Баракчанын башка кыздардын сүрөтүн уруксатсыз колдонорун баштапкы постторуна жазылган комментарийлер да далилдейт. 

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Мисалы, 7-июлда бөлүшүлгөн посттордун биринин астында _pelena_a_ аттуу колдонуучу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган. “Эмне үчүн башка бирөөнүн сүрөттөрүн алып анкета менен чыгарып жатасыңар? Кантип кудайдан коркпойсуңар? Силердин баракчаңардын айынан бир кыз өмүрүнөн айрылып кала жаздады!”— деген билдирүү калтырган.

Колдонуучу өзү Россиянын Кизляр шаарынан болот. Ал сөз болуп жаткан кыз анын таанышы экенин, туугандары анын сүрөтүн баракчадан “Экинчи аял болууга макулмун” деген анкета менен көрүп калып, ызы-чуу чыкканын айтты.

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Кийинчирээк ал сүрөт кыздын аккаунтунан алынганын билишкен. Биз бул колдонуучудан сүрөт дагы деле турабы деп сураганыбызда “Жок. Туугандары бир жаңсыл кылышса керек” деп жооп берди. 

456 сүрөттүн 34үндө гана “Сүрөттөгү мен” деген жазуу бар

Баракчадан дагы бир нече кыз тууралуу сураган соң, ээси айрым сүрөттөр жөн гана “картинка” экенин айтты. Ошондуктан “Сүрөттөгү мен” деген жазуусу бар постторду анализдөөгө өттүк. 456 посттун ичинен 34үндө мындай жазуу бар. Айрым сурөттөр 2-3 ирет кайталанып бөлүшүлгөн. Бирок бул жазуу да анкетанын сүрөттөгү кызга тиешелүү экенин далилдебейт. Мисалы, бул сүрөттү баракча эки жолу эки башка анкета менен берген.

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Ал эми бул сүрөт Инстаграм, Фейсбук, Тик-Ток платформаларынын колдонуучулары, тайпалар тарабынан активдүү колдонулат.

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)
“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Калган сүрөттөрдүн баштапкы булагын табууга мүмкүн болгон жок. Себеби алардын көпчүлүгү бир типтүү (жоолукчан, бети көрсөтүлбөгөн, сапаты начар) болгонуна байланыштуу издөө ишке ашкан жок.

Биз төмөндө айрым сүрөттөрдүн баштапкы булагын көрсөттүк.

Баракчада бул кыздардын сүрөтү уруксатсыз жана коммерциялык багытта колдонулат. “ПолитКлиника” медиасынын атынан расмий кайрылып, бул иш-аракеттин мыйзамсыздыгы тууралуу баракчадан комментарий алууга аракет жасадык. Бирок баракча бардык сүрөттөргө уруксаты бар экенин айтып биз бир-эки далил келтирген соң жоопкерчиликти кыздарга жүктөп тим болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 19-беренесине ылайык, кандайдыр бир адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фото, сүрөт, кино фильм жана д.у.с) анын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Демек, сүрөттөрү уруксатсыз колдонулган кыздар, баракчанын  үстүнөн укук коргоо органдарына кайрыла алышат. 

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Кыргызстанда эки аялдуулук үчүн жаза каралган 

Баракчада “экинчи аял болууга макулмун”, “жашыруун нике үчүн” деген жазууларды дээрлик бардык посттордон көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эки аялдуулукка жана көп аялдуулукка, тагыраагы эркектин эки же андан көп аялдар менен жалпы чарба жүргүзүү максатында чогуу жашоосуна тыюу салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине ылайык, бул үчүн айыпталуучу жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу менен  жазаланат.

Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты