Эки жашар баланын өлүмү боюнча соттолгон чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат

  • 1 месяц мурун

Аламүдүн райондук соту Көк-Жар айылында эки жашар баланын өлүмүнө айыпталып жаткан чет өлкөлүк жаранга 14-августта өкүм чыгарды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» маалымдады.

Ага ылайык, райондук сот айыпталуучу A.A.K.M. аттуу жаранды кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмышы аныкталбаганын жүйө кылып, аны актады.

Ал эми 144-берене («Коркунучта калтыруу») жана 367-берене («Кылмышты жаап-жашыруу») менен күнөөлүү деп таап, 2 жарым жылга жалпы режимде жаза өтөөнү, жабырлануучунун өкүлүнө материалдык чыгым үчүн 82 321 сом, моралдык чыгым үчүн 300 000 сом төлөп берүүгө өкүм кылган.

Ошондой эле сот өкүмү менен чет элдик жаран жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргызстандан чыгарылат.

Наристенин өлүмүнө шек саналып кармалган дагы бир жаран — баланын апасына козголгон кылмыш ишин Аламүдүн райондук соту 2-июлда токтоткон. Соттун токтому менен ал кайтаруудагы ооруканага милдеттүү түрдө дарылоого жиберилген.

2023-жылы 28-сентябрда Аламүдүн райондук милициясына эки жашар наристе белгисиз себептерден улам чарчап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдө баланын денеси көгала экени белгилүү болгон.

Бул фактыга байланыштуу Аламүдүн райондук милициясы «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Соттук-медициналык экспертизада наристе катуу соккудан боору үзүлүп кеткени аныкталган. Кылмышка шек саналып анын 2000-жылы туулган энеси, чогуу жашаган түгөйү, 1996-жылы туулган чет өлкөнүн жараны кармалган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты