Эки аялы менен той өткөргөн жарандын видеосу: Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алууга уруксат берилбейт

Социалдык тармактарда эки аялы менен той өткөргөн жарандын видеосу талкуу жаратты. 

Эки аялы менен той өткөргөн жарандын видеосу: Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алууга уруксат берилбейт

“ПолитКлиника” медиасы көп аялдуулук боюнча мыйзамдарды карап көрдү.

Социалдык тармактарда чуу жараткан тойду алып барган тамада Кубаныч Баркалбасов Инстаграмдагы тарыхчасында маараке ээлеринин сүрөтүн жарыялап, мындай тойду биринчи жолу көрүп жатканын жазган. 

5 жылдан бери той алып барам, бирок мындай тойду биринчи жолу көрүп жатам. Ортодо турган эки аялы бар Бакыт байке жана жанындагы келинчектери Батма, Созул жеңелерим. Экөө эгиз козудай, ынтымактуу ээрчишип жүрө берет экен. Бүгүн ушул 3 бактылуу инсандын 60 жаш торколуу тоюн алып барып жатам”, — деп жазган тамада.

Эки аялы менен той өткөргөн жарандын видеосу: Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алууга уруксат берилбейт

Көп аял алуу мыйзамда кандай каралган?

Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алууга уруксат берилбейт. Бул беренени бузгандар коомдук иштерге, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат же 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул төлөйт. 

Эки аялы менен той өткөргөн жарандын видеосу: Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алууга уруксат берилбейт

“ПолитКлиника” медиасы сөз болуп жаткан видео боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына байлынышып, төмөндөгүдөй жооп алды.

“Расмий аялы арыз жаза турган болсо, факт ички иштер органдарында катталып, анан текшерүү жүрөт”, — деп билдиришти Ички иштер министрлигинен. 

Эске салсак, 2021-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып жаткан адамдын видеосу социалдык тармактарга тараган. Видео тойканалардын биринде тартылган. Анда ал жарандын биринчи аялы күйөөсүнө “бакыт” каалаган. 

“Мен күндөшүм эмес, сиңдиме бакыт тилейм. Ар дайым бирге кубанып жүрөлү. Бактылуу болгула”, — деп биринчи аялы каалоо тилек айткан. Ошону менен катар эле экинчи аял алып жаткан жарандын балдары дагы атасын куттукташкан. 

Жалал-Абад ОИИБи ал адамга Кылмыш-жаза кодексинин эки жана андан көп аял алуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Эки аялы менен той өткөргөн жарандын видеосу: Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алууга уруксат берилбейт

Жыйынтык: Эки же андан көп аял алуу мыйзам боюнча кылмыш болуп эсептелет. Бул үчүн атайын жазалар каралган. Ички иштер министрлиги эки же андан көп аял алган жаранга кылмыш ишин козгоо үчүн расмий никедеги жубайы арыз жазышы керек экенин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты