Эки апта мурун түрмөдөн чыккан жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын № 4-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандын күч колдонулуп, каза болгон денесин табышкан.

«Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ашкана бычагы табылып, соттук-медициналык, биологиялык, дактилоскопиялык жана химиялык экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү анын ким экендиги аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.Кылмыш иштин алкагында видеобайкоо камералары менен кылмыш изи изилдене баштаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон Бишкек шаарынын С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнөн баштап “Коопсуз шаар” видеобайкоолор тутумун жакшылап кароо менен шектүү жарандын изине түшүшкөн. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 9-ноябрь күнү таңкы маалда Бишкек шаарынын Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы тургуну Н.М кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү мурда эки жолу соттолуп, түрмөдөн чыкканына эки жума болгон», — деп жазылат маалыматта.

Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алгачкы тергөө иштерини жүрүшүндө экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, экөө мушташып кетет да, шектүү маркумду бычак менен сайып жиберип, качып кеткендиги аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты