Эки айда 35,9 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

  • 1 год мурун

Эки айда 35 миллиард 951,9 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 455,4 миллион сомго ашыгы менен аткарылды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 миллиард сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 26 миллиард 526,6 миллион сом салык жана төлөмдөр, 9 миллиард 425,3 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты