Екатеринбург шаарында өспүрүм бала дайынсыз болууда
- 1 год мурун
Екатеринбург шаарында А. А. аттуу кыргызстандык өспүрүм бала дайынсыз болууда.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти 23-апрелде билдирди.
Өспүрүм 21-апрелде эртең мененки саат 7де сабакка кеткен бойдон келген эмес. Баланын ата-энеси Россиянын ички иштер башкармалыгынын Екатеринбург шаарынын №11 полиция бөлүмүнө кайрылган.
КР башкы консулдук кызматкерлери полиция бөлүмүндөгълөр жана баланын ата-энесине жолуккан.
Учурда өспүрүмдү полиция кызматкерлери издештирип жатат. Башкы консулдук да өспүрүмдү издөө иштерин жүргүзүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү