Екатеринбург шаарында кыргызстандыктар тарабынан миграциялык мыйзамдар бузулган эмес    

Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан 17-январда Екатеринбург шаарында жүргүзүлгөн рейддерге байланыштуу андагы башкы консулдук жергиликтүү полиция органдарына, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жана курулуш объектилерине барды.

Екатеринбургдагы үч курулуш объектисинде 150 чет элдиктин ичинен Кыргызстандын 40 жаранынын документтерин текшерүү фактысы аныкталды.

Кыргызстандын жарандары тарабынан миграциялык мыйзам бузуулар аныкталган эмес жана аларга карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган эмес.

Рейд болгон жерден массалык маалымат каражаттарына тараган кадрларда Кыргызстандын үч жараны тартылган. Биздин жарандардын айтымында, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары качып, укук коргоо кызматкерлеринен жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу полиция тарабынан качкан чет элдик жарандарды кармоо, ошондой эле текшерилип жаткандардын эркин жүрүүсүнө чектөө чаралары көрүлгөн.

Кыргызстандын жарандары укук коргоо органдарынын аракеттерине каршы жазуу жүзүндөгү арыздан баш тартышты.

Ошол эле учурда башкы консулдук Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары тарабынан эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген жарандардын кадыр-баркына шек келтирген мындай ыкмаларды колдонуунун мыйзамдуулугун Орусия көзөмөл органы тарабынан текшерүүнү уюштуруу боюнча чараларды көрүүдө.

Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Мерзлякова менен консультациялар жүргүзүлүп, ал укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн рейд боюнча текшерүүнү уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Екатеринбургда 17-январда мигранттарды “паровоз” болуп туруугу милдеттендиришкен. Аны көрүүгө прокуратура, ФСБ, ИИМ кызматкерлери барышкан. Анда мыйзамсыз жүргөн 8 мигрант Мекенине жиберилгенин Nexta live телеграм-каналы билдирген.

  

    

Сүрөт: Nexta live телеграм-каналы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты