“Экөө гана журналист экен го. Калгандары 11- класс билими барлар дешти”. Президент 11 журналист тууралуу

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 28-сентябрда, «Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан Интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып салган мыйзам долбоору, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана айып тагылган 11 журналист тууралуу суроолорго жооп берди.

-Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет. Мен жогоруда айткандай, социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз,-деп айтты президент.

Ошондой эле сотто иши каралып жаткан 11 журналист тууралуу мындай пикирин билдирди:

«Ал эми «11 журналист» дегениң боюнча. Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт» деди Садыр Жапаров.

26-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда жапырт кармалган 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өттү. Сотто мамлекеттик айыптоочу 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган. Сотко көз карандысыз эксперт Нуржан Нарынбаева келген эмес, ал сотто көрсөтмө бермек.

1-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча камакта отурган төрт журналисттин баш коргоо чарасы каралып, алар камакта 2-октябрга чейин калтырылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Алар — Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, азыр «Нур Пресс» маалымат борборунда иштеген Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өмүрлүк жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

Учурда 11 журналисттин төртөө – “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

«Темиров лайв» жана «Айт-айт-десе» долбоорлорунун журналисти, учурда сотто иши каралып жакан 11 журналисттин бири Айке Бейшекеева укук жана эркиндикти коргоодо эр жүрөктүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн жаштар арасындагы эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгына татыктуу болду. 

Сотто иши каралып жаткан 11 журналист тууралуу «ПолитКлиниканын» иликтөөсү бул шилтемеде.

Сүрөттө: Камактагы төрт журналист сот учурунда. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты