Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу

31-августта кечинде Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган гала-концерт өттү.

Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма менен башталды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун негизделгендигинин 100 жылдыгы даталарынын маанилүүлүгүн белгилеп, алардын Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүгүн жана эгемендүүлүгүн калыптандыруудагы баштапкы ролун баса белгиледи.

Көрүүчүлөр 1924-жылдан 2024-жылга чейинки маанилүү тарыхый окуяларды чагылдырган оюн-зоокко күбө болушту.

Иш-чаранын алкагында акыркы үч жылда сатылып алынган заманбап аскердик, өрткө каршы, медициналык жана башка техниканын парады өтүп, аталган мезгилдеги өлкөнүн экономикалык жетишкендигин айкын көрсөттү.

Андан кийин Бишкектин асманында дрондордун шоусу тартууланды.

Кече ата мекендик жана чет элдик эстрада аткаруучуларынын жандуу аткаруулары менен аяктады.

Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу
Эгемендик майрамы. Дрондордун шоусу

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты