Эгемендик күнү 5000ден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздады  

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана башка ички иштер органдарынын 5000ден ашуун милиция кызматкери Эгемендиктин 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылышты.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, борбор шаардагы майрамдык иш-чаралар түнкү саат 02.00 дө аяктап, терс окуялар болгон жок. Иш-чаранын жүрүшүндө 501 бала жоголуп, бардык балдар милиция кызматкерлери тарабынан ата-энелерине аман-эсен өткөрүлүп берилди. 

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты