Эгемендүүлүк күнүндө 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт

  • 11 месяцев мурун

Эгемендүүлүк күнүнө карата 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

30-августтан 1-сентябрга чейин Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы «жогорулатылган» күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өтөт.

Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат.

Андан тышкары ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилип жатат.

Белгилей кетсек, майрам күнү 11 миңден ашык милиция кызматкерлери жогорулатылган тартипте иш алып барышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты