ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ЕЭК Кеңешинин жыйыны алкагында күн тартибиндеги 22 маселе каралып, чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасынын долбоору жактырылды. Ага ылайык, ЕЭКке эл аралык жана улуттук каржы уюмдары тарабынан берилген кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен кооперативдик долбоорлорду каржылоонун ыкмаларынын негизинде ишти улантуу тапшырылды.

Ошондой эле Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин буйругунун долбоору да жактырылды, ага ылайык ЕЭКке өнөр жай кооперациясын каржылоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун даярдоо тапшырылды.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен тез бузулуучу товарлардын тизмеси бекитилди, аларга карата 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө бажы операциялары артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт (тизмеге эт, балык, сүт, сүт азыктары, жашылчалар жана жемиштер кирет), бул тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын убактысын жана финансылык чыгымдарын кыскартууну камсыз кылат.

Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө техникалык жөнгө салуу жаатында Биримдиктин колдонуудагы актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чечимдер кабыл алынды жана интеграциялык бирикменин ишиндеги айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча ЕЭК министрлеринин отчёттору угулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты