Эдил Байсалов: “Садыр Жапаровдун рейтинги өсүп, экономика жакшырды”. Текшеребиз 

15-октябрь күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасында сентябрь айында жүргүзүлгөн изилдөөдө президент Садыр Жапаровдун жеке рейтинги өсүп, өлкөдөгү экономикалык абал жакшырганын жазып чыккан. 

Эдил Байсалов: “Садыр Жапаровдун рейтинги өсүп, экономика жакшырды”. Текшеребиз 

Кээ бир интернет колдонуучулары бул изилдөө кандай шарттарда жүргүзүлгөнүн, анын канчалык ишенимдүү экендигине же манипуляция ыкмалары колдонулуп-колдонулбаганына кызыгышкан. 

“ПолитКлиника” медиасы Эдил Байсалов айткандай, чындыгында эле өлкө башчысы Садыр Жапаровдун рейтинги өскөнбү, экономикалык абал жакшырганбы, анализдеп көрдү. 

IRI институтунун изилдөөсү 

IRI (International Republican Institute) изилдөө институту өлкөдөгү саясий жана социалдык кырдаал боюнча 10-августтан 5-сентябрга чейин сурамжылоо жүргүзгөн. Маалыматка ылайык, изилдөөгө Кыргызстандын бардык облусунан 18 жаштан жогору 1500 адам катышкан. Сурамжылоого катышкандардын социалдык абалы, кесиптик өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат жок. Бирок, үй чарбаларына катар номерлери ыйгарылган жана алар туш келди тандалып алынганы жазылат. 

Сурамжылоого катышкандардын 76% өлкө туура багытта баратат деп эсептешкен. Бул көрсөткүч ушул жылдын апрель айындагы изилдөөгө салыштырмалуу 9%га төмөндөгөн. Буга чейинки сурамжылоого катышкандардын 85%ы өлкө туура багытта бара жатат деген көз карашта болгон. 

Эдил Байсалов: “Садыр Жапаровдун рейтинги өсүп, экономика жакшырды”. Текшеребиз 

Ал эми респонденттердин 31%ы өлкөдөгү эң чоң көйгөй катары жумушсуздукту белгилешсе, 30%ы баалардын өсүшүн айтышкан. 

Эдил Байсалов: “Садыр Жапаровдун рейтинги өсүп, экономика жакшырды”. Текшеребиз 

Белгилей кетсек, International Republican Institute (IRI) институту 1983-жылы АКШда ачылган. Аталган уюм, коммерциялык эмес мүнөздө иш алып барат жана дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө жыл сайын социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп турат. 

Саясатчылардын өзгөргөн рейтинги жана сын 

IRI (International Republican Institute) изилдөө институту Кыргызстандагы социалдык көйгөйлөр менен катар саясий лидерлер жана партиялар тууралуу да сурамжылоолорду жүргүзөт. Сентябрь айындагы изилдөөдө президент Садыр Жапаровду эң ишенимдүү саясатчы деп эсептегендер 38%ды түзгөн. Бул көрсөткүч ушул жылдын апрель айындагы сурамжылоого салыштырмалуу 4%га жогорулаган. 

Эдил Байсалов: “Садыр Жапаровдун рейтинги өсүп, экономика жакшырды”. Текшеребиз 

Бирок IRI изилдөө институтунун сурамжылоосу респонденттердин өзгөрүүсүнө байланыштуу жыл сайын жана ай сайын өзгөрүп турат. 

2017-жылдан 2022-жылга чейин IRI изилдөө институту жүргүзгөн изилдөөлөрдү карап көрө турган болсок, эл ишеним көрсөткөн саясатчылардын орду бир топ алмашканын көрүүгө болот. 

Эдил Байсалов: “Садыр Жапаровдун рейтинги өсүп, экономика жакшырды”. Текшеребиз 

(2017-жыл, 2018-жыл

Мисалы, 2017-жылы эл эң ишенимдүү саясатычы деп Өмүрбек Бабановду тандаса, 2018-жылы Сооронбай Жээнбековду көргөзгөн. Бул рейтингге азыркы президент Садыр Жапаров таптакыр кирген эмес.

Ал эми акыркы төрт жыл ичинде, 2018-жылдан баштап саясатчылардын рейтинги таптакыр өзгөргөн. 

Эдил Байсалов: “Садыр Жапаровдун рейтинги өсүп, экономика жакшырды”. Текшеребиз 

(2019-жыл, 2020-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл

2018-жылы президент Садыр Жапаров ишенимдүү саясатчылардын рейтингинде 3%дык көрсөткүчкө ээ болгон. Ал эми 2020-жылы декабрь айында, президенттик шайлоонун алдында Жапаровдун рейтинги 51%га көтөрүлгөн. Акыркы эки жыл ичинде өлкө башчысынын рейтинги 34%га түшүп, бул жылы кайра 4%га жогорулаган. 

Башкача айтканда, сурамжылоонун жыйынтыгы өлкөдөгү саясий абалга жана респонденттерге байланыштуу тынымсыз жана туруксуз өзгөрүп турат. 

Мындан сырткары, сурамжылоого катышкан 1500 адам Кыргызстан калкынын аз гана бөлүгүн ээлегендиктен, изилдөөнүн жыйынтыгынын объективдүү экенине байланыштуу да бир канча талашка жол ачкан. 

Жыйынтык: 2021-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына салыштырмалуу 2022-жылы Садыр Жапаровдун рейтинги 4%га жогорулаганы чындык. Бирок, 2020-жылы декабрь айына салыштырмалуу өлкө башчысынын рейтинги 13%га төмөндөгөн. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты