Эдиль Байсалов: “Президентибиз бизди алдыга карай ээрчитип баратат» (видео)

  • 2 года мурун

«ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын коногу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов болду. Ал Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты, деги эле акыркы саясий кырдаал боюнча кеңири маек куруп берди.

«Каза болгон биздин эки жараныбыздын иши боюнча президентибиз Садыр Жапаров атайын комиссия түзүү боюнча буйругу чыкты. Ал комиссиянын курамына укук коргоочулар, каза болгон жарандардын жакындары кирди. Комиссияны жетектөө ишин мага тапшырды. Буга кимдир бирөө күнөөлүү болсо, ал сөзсүз түрдү жоопко тартылат. Буюрса, эки жуманын ичинде кандайдыр бир жыйынтыкка келебиз. Адам баласы абакта өлүп жаткандан кийин, бул — жалпы бийликке чоң так.

Андай сөздү айтып жаткан депуттаттын өзүнүн абийиринде. Алар мага акыл үйрөтчүдөй боло элек. Жаш депутаттардын бир далайын көргөнбүз. Ошондуктан, буларга акылды мен үйрөтөм. Жөн эле унчукпай калбайм. Орой сөз айтса, бир айтып, эки айтып эсине келтиребиз. Бул жерде өкмөттүн мүмкүнчүлүгү көп.

Биздин жетекчилер кайсы бир документтерге кол койгондон коркуп турушат. Себеби, бир жерге кол коюп койсо эле, үстүнөн текшерүү башталат экен. Ушунтип эле баарын коркута берсек, өнүкпөйбүз. Биз баягы эле эски адаттан арыла албай жатабыз. Мисалы, министр ойлонуп кайсы бир саясий чечимди кабыл алат. Ошондой саясий чечимдери үчүн ал жоопко тартылбашы керек. Эгерде сен уурдап албасаң, кара ниетин жок болсо жоопко тартылбашың керек. А эгерде сен уурдап алсаң, анда бул башка маселе.

Бизди президентибиз алдыга карай ээрчитип баратат. Азыр отуруп алып бири-бирибизди чукулап, бири-бирибизди камай берсек, андан эч жыйынтык чыкпайт. Биз эл талап кылып жаткан жыйынтык, элдин жашоосун оңдошубуз керек.

Мен өзүмө жакшы иштеп жатам деп айта албайм. Жаман дебейм, аракеттер бар», — дейт Байсалов.

Кененирээк ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты