Эдил Байсалов: «Курманбек Бакиев жаран катары өз кызыкчылыгын жана укугун коргоого укугу бар»

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасындагы акыркы окуялар боюнча социалдык тармактагы баракчасында пикирин билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын Курманбек Бакиевден интервью алган журналист Кадыр Кошалиевге чара көрүү боюнча талаптарына жооп берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана журналист кимден маек аларын өзү чечерин айткан.

“Экинчиден, жаран катары Курманбек Бакиев өз кызыкчылыгын жана укугун коргоого укугу бар. Бул кылмыш иши боюнча сотто же өлкөнү башкарган учурдагы ишине тарыхый баа берүү үчүн коом алдындагы жоопкерчилиги болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, азыркы жетекчиликтин позициясы – элди консолидациялоо, улуттук консенсуска жетүү. Экс-президенттер кандай болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары бөлүп-жаруу ордуна бул саясатты колдосо болмок”, — деп жазды Байсалов.

Белгилей кетсек, 15-майда “Акыркы кабарлар- Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маеги жарыяланган. Беларустун Минск шаарында тартылды делген маекте Бакиев Кыргызстандагы саясий кырдаал жана Апрель революциясы боюнча пикирин билдирген.

Маекти УТРКнын кызматкери, Биринчи элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган.

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Эрулан Көкүлов Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден маек алганын сынга алган. Элвира Сурабалдиева аны УТРКдан кызматтан кетирүүнү талап кылган.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганы, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты