Эдил Байсалов Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттержи менен жолугушту
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттержини кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, илим жана билим берүү тармактарындагы кыргыз-индия мамилелерин ар тараптуу активдештирүү маселелерин талкуулашты.
Төраганын орун басары Кыргыз Республикасы Индиянын заманбап дүйнөдөгү ролун жана лидерлигин жогору баалай турганын белгиледи. Индиянын чоң жыйырмалыкка жана ШКУга төрагалык кылуу жылында бир катар эки тараптуу сапарлар пландаштырылууда, анын жүрүшүндө Бишкек кыргыз-индия мамилелеринин деңгээлин жана өз ара сооданын жана инвестициянын көлөмүн олуттуу түрдө жогорулатууга умтулууда.
Өз кезегинде Арун Кумар Чаттержи өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.