Эдиль Байсалов: “Буларга акылды мен үйрөтөм” (видео)

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов “ПолитКлиника” медиасынын «Тет-а-тет» программасына маек берип жатып, Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«Парламентке келип алып эле бирөөнү кагып-силкип, орой мамиле жасаган депутаттарды эң мыкты депутат деген ой-пикирден биз алыс болушубуз керек. Биз көчөдө, же бирөөнүн үйүндө болсок бир жөн эле. Бизде парламенттик этика деген болушу керек. Биздин жаш депуттар чыккан чөйрөдө өздөрүн “Мен Байсаловду кактым” деп кыйын сезишеби, билбейм. Бирок, бул нерсе өздөрүн шайлаган шайлоочуларынын кызыкчылыгына да каршы келет. Жогорку Кеңеш болгондон кийин жинибиз келип атса дагы, бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле жасашыбыз керек. Андай сөздү айтып жаткан депуттаттын өзүнүн абийиринде. Алар мага акыл үйрөтчүдөй боло элек. Жаш депутаттардын бир далайын көргөнбүз. Ошондуктан, буларга акылды мен үйрөтөм. Жөн эле унчукпай калбайм. Орой сөз айтса, бир айтып, эки айтып эсине келтиребиз. Бул жерде өкмөттүн мүмкүнчүлүгү көп«, — деди Байсалов.

Кененирээк ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты