«Эч кандай тирешүү жок». УКМКнын төрагасынын комментарийи
- 6 месяцев мурун
- Жаңылыктар
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков укук коргоо органдарындагы «тазалоо» иштери боюнча комментарий берди.
Учурда укук коргоо тутумун коррупцияга малынган кызматкерлерден тазалоо иштери жүрүп жатат.
Шабданбеков коррупция, кызматтык ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыштуу элементтерге колдоо көрсөтүү фактылары катуу укуктук баасын алууга тийиш деп эсептейт.
Ошол эле учурда күч органдары арасында эч кандай тирешүү жок деп белгиледи.
«Принципиалдуу түрдө белгилеп кетким келет: бүгүнкү күндө УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын ортосунда эч кандай тирешүү жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бардык укук коргоо органдары мыйзамдын алкагында жана Жогорку Башкы командачы тарабынан коюлган милдеттердин негизинде бирдиктүү байланышта иш алып барышат. Бул жерде мекемелер аралык күрөш жөнүндө эмес, укук коргоо тутумун абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен иш тууралуу сөз болуп жатат»,- деди ал.




