ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

  • 3 года мурун

Бул жылы Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешине төрагалык кылат. Маалым болгондой, төрагалыктын алкагында Бишкекте ЕЭКтин жыйыны жана Евразия экономикалык форуму (2022-жылдын май айында), Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөт.

2021-жылы ЕАЭБге Казакстан төрагалык кылган.

Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл ичинде аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты