ЕАЭБден ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбалар коюлат

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын аймагындагы автомобилдик ташууларга жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарларга байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. 

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган долбоор тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында ишке ашырылууда. 

Контролдук пломбаларды коюу Салык кызматы тарабынан жүргүзүлүп, навигациялык пломбаларды коюу Кыргызстандын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте жүзөгө ашырылат. 

Долбоордун жүрүшүндө жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырууда тобокелдикке багытталган ишкердик субъектеринин транспорт каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларында навигациялык пломбалар акысыз орнотулат.

Пилоттук долбоор 2023-жылдын 31-январына чейин иштейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты