ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттоого киргизилген тыюу алынды

  • 2 года мурун

Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү алып таштады.

Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматта Орусиянын айыл чарба министрлиги берген уруксаттын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттосо боло турганы айтылат.

14-мартта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 30-июнга чейин тыюу салган.

БУУнун эксперттеринин божомолдору боюнча, Украинадагы согуш айыл чарба азыктарынын тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Себеби Украина менен Орусия өсүмдүк майы менен буудай рыногунда басымдуу үлүшкө ээ.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты