ЕӨРБ Кыргызстанга темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 12 млн доллар бөлөт

  • 2 года мурун

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕӨРБ) Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, макулдашууга Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана ЕӨРБ президенти Одиль Рено-Бассо Токио шаарында өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунун аянтчасында кол койду.

Берилген каражаттын 8 млн доллары бул узак мөөнөттүү насыя, 4 млн доллары грант.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты