Джордж Фридман 2009-жылы эле Россия менен Украинанын ортосунда согуш болоорун божомолдогону чындык (Фактчекинг)

23-март күнү Бурул Макенбаева аттуу Фейсбук колдонуучусу Россия менен Украинанын согушун Фридман аттуу жазуучу алдын ала айтканын билдирген. 

Анда, “Фридман тээ 2009-жылы эле Крымдын алынышын, Орусиянын Украинага каршы согушун жана Беларусиянын аскердик күчтөрүнүн баш ийүүсүн алдын ала айткан экен” деп айтылат. 

Джордж Фридман 2009-жылы эле Россия менен Украинанын ортосунда согуш болоорун божомолдогону чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Джордж Фридман 

Джорж Фридман – АКШлык политолог жана окумуштуу.  Ал геосаясат, улуттук коопсуздук жана экономика жаатындагы маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө багытталган “STRATFOR” компаниясын негиздеген.

Джордж Фридман 2009-жылы эле Россия менен Украинанын ортосунда согуш болоорун божомолдогону чындык (Фактчекинг)

Компаниянын алдыңкы эксперти катары, Фридман командасы менен бирге ар кандай булактардан макроэкономикалык жана саясий маалыматтарды чогултуп, стратегияларды иштеп чыгат. 

Анын китептери да ушул темага арналган. Джордж Фридмандын  “Кийинки 100 жыл: 21-кылымдын окуяларын болжолдоо” аттуу китеби бестселлерге айланып, миллиондогон тираж менен сатылган. Көпчүлүгү китепти “провакациялык” деп атаса да көпчүлүк фактылары азыркы реалдуулукка туура келип жатканын четке кага алышкан эмес. 

Россиянын кулашы, Америка жана Евросоюздун алсырашы 

Фридмандын 13 бөлүмдөн турган китебинде дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттер тууралуу сөз болот. 

Анда АКШнын дүйнөгө болгон гегемониясы 21-кылымдын аягында басаңдап, Европа алсырай баштаары айтылат. Ага Европа өлкөлөрүндөгү демографиялык кризис жана башка факторлор таасир эте турганы белгиленет. 

Китепте Россия менен АКШнын орду өзгөчө баса белгиленет. Фридмандын ою боюнча 2010-жылдары АКШ менен Ислам фундаменталисттеринин ортосундагы жаңжал басаңдап, АКШ менен Россиянын ортосунда кайрадан “суук согуш” башталат. Ага Россиянын Борбордук жана Чыгыш Европадагы таасир чөйрөсүн кеңейтүү аракетине байланыштуу болот. Мындан сырткары Россиянын СССР кулагандан кийин күчтөнгөн армиясы да дүйнө коомчулугун кооптондура баштайт. 

Ал эми Россия өз таасирин күчтөндүрүү үчүн 20 жыл алдыга коюлган план менен иштей турганы айтылат. 

“Чек араны коргоо азыркы Россиянын жалгыз көйгөйү эмес. Мамлекет коркунучтуу демографиялык кризистин башталышын абдан жакшы билет. Россиянын азыркы калкы 145 миллион болсо, 2050-жылы прогноз боюнча 90-125 миллион болот. Убакыт Орусияга каршы иштеп жатат. Жакында бул өлкө стратегиялык зарыл милдеттерди чечүү үчүн жетиштүү армияны камсыз кылуу проблемасына туш болот. Россиянын калкынын структурасында орустардын саны башка этностук топтордун санына салыштырмалуу азайып баратат жана бул Россияга эртерээк аракет кылууга катуу кысым көрсөтүүдө. Учурдагы географиялык абалында Орусия мүмкүнчүлүктү гана күтө алат. Орус демографиясынын траекториясын эске алганда, 20 жылдан кийин иш-аракет кылууга кеч болуп калышы мүмкүн жана муну орус лидерлери билишет. Россияга дүйнөнү багындыруунун кереги жок, бирок ал өзүнүн чек араларында буфердик зоналарды калыбына келтирип, кармап турушу керек. Башкача айтканда түпкүлүгүндө мурдагы СССРдин эски чек араларын калыбына келтириши керек.”, — деп айтылат. 

Кызыгы китептин алтынчы бөлүмүндө Россиянын Украинага боло турган басымы жөнүндө айтылып, Белоруссия аны кубаттай турганы баса белгиленет. 

Джордж Фридман 2009-жылы эле Россия менен Украинанын ортосунда согуш болоорун божомолдогону чындык (Фактчекинг)

“Россия үчүн Украина менен Белоруссия баарынан маанилүү. Эгерде бул өлкөлөр душмандын колуна түшсө (мисалы, НАТОго кирсе), Орусия өлүм коркунучунда болот. Белоруссия менен чек арадан Москвага чейин — 300 чакырымдан бир аз ашык. Украина менен Орусиянын чек арасынан Волгоградга чейин, 300 кмге жетпейт.”, — деп жазылат. 

Башкача айтканда Украина НАТОго кошулууну көздөсө Россия “бизге коркунуч туудурат” деп ойлоп, Украинаны НАТОго киргизбөө үчүн бардык күч аракеттерин жумшаары жазылган.

“Чыңалуунун негизги чордону Орусиянын Батыш чек арасы болот. Беларус коңшусун колдойт. Мурдагы Советтер Союзунун бардык өлкөлөрүнүн ичинен Белоруссия эң аз экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүп, СССРдин мураскору боло турган мамлекетти түзүүнү эң көп жактаган. Белгилүү шарттарда Орусия менен биригүү менен Белоруссия мурдагы советтик чек арага кайтып келүүгө мүмкүндүк берет.”

Ал эми Украина менен Россиянын абалы чыңала бере турганы белгиленет. 

Фридмандын теориясы эки ирет далилденди. Анткени Украина НАТОго кошулуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштаганда Россия Украинаны бир канча ирет эскерткен. Ал эми 2022-жылы  24-февральда Россия Украинанын чек-арасына басып кирип “аскердик операция” деп атаган аракеттерин жүргүзүп, шаарларды аткылай баштаганда Белоруссия Россиянын аракеттерин толугу менен колдоду. 

Джордж Фридман Россиянын келечеги тууралуу негативдүү көз карашта болгон. 

Анын билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылдан баштап Россияга дүйнөнүн басымы жана АКШ менен Европанын экономикалык кысымы күчөйт. Өлкө өз ичинде толкундоолорго жана массалык баш аламандыктарга туш болуп, мурдагы СССР сыяктуу кыйроого учурайт. 

Бул фактордон таасирленген Орто Азия өлкөлөрү, анын ичинде Россияга байланыштуу болгон өлкөлөрдүн баары жок болуп кетүүсү мүмкүн экени айтылат. 

Ал эми 2040-жылдары Кытай дүйнөлүк супер державага айланып, Япония, Түркия, Польша жана Мексика өнүгө турганы белгиленет. 

Джордж Фридмандын китебинен кийин бир топ критиктер жана саясий ишмерлер “АКШнын шылууну” деген айып тагышып, ишенбестик көрсөтүшкөн. 

Азыркы учурда Фридмандын теорияларынын кээ бирлери далилденди. Бирок бул маалыматтар “субьективдүү” ойлорду да камтыган жана айтылгандардын баарысын туура деп кабыл алууга болбойт. 

Жыйынтык: Джордж Фридман “Кийинки 100 жыл: 21-кылымдын окуяларын болжолдоо” аттуу  китебинде, орус-украин жаңжалы боло турганын 2009-жылы айтканы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты