Дыйкан-фермерлерге 2,5 миллиард сомдой жеңилдетилген насыя берилди

  • 2 года мурун

«Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында 21-апрелге карата жалпы баасы 2,5 миллиардга жакын сомго беш миңден ашык насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акча жашылча-жемиш өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деген үч тармак аркылуу бөлүштүрүлгөн.

Өкмөт өткөн айда «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 миллиард сом бөлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 миллиард, ал эми “РСК Банкына” 4,5 миллиард сом бөлүп берүү тапшырылган. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленген.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты