Душанбеде Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү өттү

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, тараптар актуалдуу маселелер, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Чек ара аймактарынын тургундары үчүн кызыкчылык туудурган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамилелери өнүгүү жолунда экенин белгилеп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин ийгиликтүү аяктаганын жана аны демаркациялоо боюнча иштердин активдүү жүрүп жатканын баса көрсөттү.

Тажикстандын лидери эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын динамикалуу өнүгүшүн да белгиледи. Ал коопсуздук тармагында тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргызстандык кесиптеши менен эки тараптуу өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй региондун коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөчү маанилүү кадам болгонун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчы калган тилкелерди демаркациялоо процесси жакынкы аралыкта макулдашылган графикке ылайык аяктайт деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров жүрүшүндө тараптар бардык актуалдуу маселелерди талкуулап, кыргыз-тажик кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын аныктай турган мазмундуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө ишеним артарын баса белгиледи.

Сүрөт: president.kg    

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты