ДССУ маймыл чечегин пандемия деп жарыялаган эмес (Фактчекинг)

Семетей Аманбеков аттуу Фейсбук колдонуучусу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечегин пандемия деп жарыялаганы тууралуу маалыматты бөлүштү.

ДССУ маймыл чечегин пандемия деп жарыялаган эмес (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) расмий сайтында маймыл чечегин пандемия деп жарыялаганы тууралуу эч кандай маалымат чыккан эмес. 

Бирок 22-июнда Дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагы (ДССТ) аталган илдетти пандемия деп жарыялап, ДССУну оорунун жайылышын алдын алуу үчүн ыкчам чара көрүүгө чакырган. Билдирүү тармактын расмий сайтына жарыяланган

ДССУ маймыл чечегин пандемия деп жарыялаган эмес (Фактчекинг)

Билдирүүдө мындай чечим маймыл чечеги 58 өлкөдө 3 миң 400дөн ашык адамдан аныкталгандыктан жана “илдет тез жайылып жаткандыктан” кабыл алынганы айтылган. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус 23-июндагы жыйында маймыл чечеги 48 өлкөдө 3 миң 200дөн ашык адамдан аныкталганын жана бир бейтап каза болгонун кабарлады

ДССУ жана ДССТ эки башка уюм

Дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагы (ДССТ) — илимий жана жарандык топтордун кызматташтыгы. Бул глобалдык коалиция COVID-19 пандемиясы башталганда элдик жумушчу топ катары түзүлгөн. Тармактын расмий сайтында ДССТ эч бир саясий органга же өкмөткө көз каранды эмес экени жазылган.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) — Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) саламаттыкты сактоо боюнча атайын мекемеси. Ага дүйнөнүн 194 өлкөсү мүчө. Саламаттык сактоо жаатындагы эл аралык сунуштамаларды дал ушул уюм берет.

Жыйынтык: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечегин пандемия деп жарыялаганы тууралуу маалымат фейк. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты