«Достук» мейманканасынын жетинчи кабатынан 26 жаштагы жаран кулап түшүп, каза тапты

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Достук» мейманканасынын жетинчи кабатынан 26 жаштагы кыз кулап түшүп, каза тапты. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран мейманканада достору менен эс алып жаткан. Үчөө тең спирт ичимдигин ичкени белгилүү болгон.

Маркумдун денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты