«Дордой Food» базарынан күмөндүү акциздик маркалар менен 4,8 миң бөтөлкө алкоголь тартып алынды

  • 2 года мурун

«Дордой Food» базарынан күмөндүү акциздик маркалар менен 4,8 миң бөтөлкө алкоголь тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Дордой Food» базарынын аймагынан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциянын сатуу максатында сакталган фактысын аныкташты.

Кампадан «Аю» ЖЧК жана «Бишкек Алко пром» ЖЧКсы чыгарган 4 миң 800 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты