“Дордой” базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын жаңы эреже бузуулары аныкталды

  • 10 месяцев мурун

“Дордой” базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын жаңы эреже бузуулары аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз куызматынан билдиришти.

Транспорт департаментинин кызматкерлери МККБ менен биргеликте 4-октябрь күнү эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин каттамга мыйзамсыз кирүүгө жана жол кире акысын уруксатсыз жогорулатууга жол бербөө максатында коомдук транспорттордо мониторинг жүргүзүштү. Текшерүү учурунда айдоочулар күн сайын каттамга керектүү уруксаат кагаздары жок, каттам тууралуу трафаретсиз чыгып, Дордой базарына жүргүнчүлөрдү ташып, 50 сомдон тариф коюп жүргөн 4 кичи автобус аныкталды.

Жыйынтыгында МККБ тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, протоколдор түзүлүп, аталган айдоочулар менен иш алып барылып, аларга уруксат кагаздары, график жана бекитилген жол кыймылынын чиймелери жок каттамга кирүүгө катуу тыюу салынгандыгы түшүндүрүлдү.Мындай текшерүүлөр коомдук транспорттун үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында дайыма жүргүзүлүп турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты