«Дордой» базарындагы тамактануучу жайдан өрт чыкты

Бишкектин «Дордой» базарындагы «Шымкент» унаа токтотуучу жайдын батыш тарабында жайгашкан тез татым саткан контейнерден 24-сентябрда өрт чыкты.

Маалыматта айтыландай, өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук N1 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам тилсиз жоо саат 16:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 25 чарчы метрди түзөт. Жабыркаган жарандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты