«Дордой» базарындагы митингге чыккан бир жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

«Дордой» базарындагы митингге чыккан бир жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Дордой” базарынын аймагында белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, адамдын денесине залал келтирген видео тараган. Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда катышуучу кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

30-ноябрда, Бишкектин «Дордой» базарында соода кылгандар жаңы киргизилген салык режимине каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты