«Дордой» базарындагы банктан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 10 месяцев мурун

«Дордой» базарындагы банктан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкектин «Дордой» базарындагы Кыргызстан банкында чыккан өрт саат 11:34тө толугу менен өчүрүлдү.

Маалым болгондой бүгүн «Кыргызстан» банкынан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 09:55те жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты