«Дордой» базарында тамактануучу жайдан өрт чыкты

  • 2 года мурун

Дордой базарында тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкектин Свердлов районунун Дордой базарында жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 10:19да Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 10:25те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм, саат 10:30да Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, саат 10:30да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты, саат 10:33тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 10:36да Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 6 бөлүм тартылды. Учурда жеринде өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты