«Дордой» базарына жаңы автобустарды киргизүү каралууда

  • 9 месяцев мурун

«Дордой» базарына жаңы автобустарды киргизүү каралууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин «Дордой» базарына Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жол инфратүзүмүн баалоо жана коомдук транспортту ишке киргизүүгө даярдык көрүү максатында “БЖАИ” МИнин директору Бакыт Темикеев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен комиссиялык чыгуу уюштурду.

Комиссия коомдук транспорттун ийгиликтүү иштеши үчүн жол инфратүзүмүн оптималдаштыруу максатында базардын аймагына деталдуу талдоо жүргүздү.

Жыйынтыгында ички жолдорду кеңейтүү, ошондой эле жол жээгинде кыймылды олуттуу чектеген жана транспорт каражаттарынын кыймылын кыйындаткан унаа токтотуучу жайларды алып салуу, милдеттүү жол белгилерин орнотуу жана бардык уруксатсыз азык-түлүк сатылган соода түйүндөрүн жоюу сыяктуу маанилүү милдеттер белгиленди.

Транспорт департаменти шаардыктарга коомдук транспорт жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты