Дональд Трамп АКШнын президенти болорун жарыя кылды  

  • 17 часов мурун

Дональд Трамп өзүн АКШнын президенти деп жарыя кылды. Бул тууралуу ал 6-ноябрда Флоридадагы тарапташтарына кайрылуусунда билдирди.

Fox News телеканалынын билдирүүсүнө караганда Трамп “саясий жеңишке” ээ болгонун айтып, өзүн АКШнын 47-президенти катары  жарыялады.

Ал республикачылар АКШнын сенатында көпчүлүк добушка ээ болгонун айтты.

АКШдагы президенттик шайлоодо Трамп алдыда келаткандыгы божомолдонууда. Республикачыларды колдогон Fox News телеканалы Трамп шайлоочулар коллегиясынын 277 добушун алганын билдирет. Ал эми президент болуу үчүн шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун алуу керек.

Fox News телеканалы Камала Харрис шайлоочулар коллегиясынын 226 добушун алганын билдирди.

5-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өттү жана анын жыйынтыгын чыгаруу иштери жүрүп жатат.   

Президенттикке эки талапкер ат салышууда, демократиялык партиянын талапкери, АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана республикачылар партиясынан, АКШнын экс-президенти Дональд Трамп.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты