Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болот
- 12 часов мурун
Дональд Трамп АКШнын жаңы шайланган президенти боло турганын Fox News, CNN, Reuters, Associated Press, NBC News, ABC News божомолдору билдирди.
Трамп шайлоочулар коллегиясынын 270тен көп добушуна ээ болушу божомолдонууда. Ал эми Камала Харрис 219дан 229га чейин шайлоочулар коллегиясынын добушун алганы турат.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыга элек, добуштар дагы эле саналып жаткандыгы маалымдалды.
5-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өттү жана анын жыйынтыгын чыгаруу иштери жүрүп жатат.
Президенттикке эки талапкер ат салышууда, демократиялык партиянын талапкери, АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана республикачылар партиясынан, АКШнын экс-президенти Дональд Трамп.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү