Доллардын курсу кайра өсө баштады

  • 2 года мурун

Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын курсу кайра өсө баштады.

27-майда саат 12:00гө карата 1 АКШ доллары 83-84 сомдон сатылууда. Улуттук банк 27-апрелге карата доллардын курсун 79,50 менен бекиткен.

21-майда АКШ доллары акыркы эки жылда биринчи жолу 80 сомдон ылдый түшкөн.

Дээрлик эки жылдай 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында бир нече жолу базарга доллар сатып, сатып алды. 18-майда 6 млн. доллар, 20-майда 20 млн. 550 миң сатып алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстандын каржы базарында айрым адамдар атайын ойноп жатканын, Орусиядан рубль киргизип, Кыргызстандан доллар чыгарып кетип жатканын билдирген.

Кыргызстанда баа доллардын курсуна карата аныкталгандыктан негизги азык-түлүк кымбаттаган, курс төмөндөгөндөн бери баанын арзандашы байкала элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты